Редакцияот 19.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы

 

2023-жылдын 19-июлу  № 6

 

Финансы-кредиттик фонд менен жаңы келишимге кепилдик кат берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренеси, 45-беренеси Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы №649-токтомун аткарууга алып, Базар-Коргон айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын №6-токтомуна негиз, Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XХI-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Каржы министирлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд менен 2019-жыл 18-мартындагы №3-207-812-01/2019-32 сандуу келишимдин негизинде жаңы келишим түзүүгө Базар-Коргон шаар мэриясы тарабынан 6 575 429,5 сом суммадагы кепилдик кат берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Нуркамиловго милдеттендирилсин 

 

 

Төрага

К.К. Анарбеков