Редакцияот 19.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы

 

2023-жылдын 19-июлу  № 5

 

Таза сууга болгон тарифтердин наркын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктун, 34-беренесинин 2-пунктун аткарууга алып, шаардык кеңештин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун жана Базар-Коргон шаар мэриянын алдындагы “Базар-Коргон сууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Араловдун кайрылуусунун негизинде, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XХI-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн 14.06.2023-жылкы №42-буйругун эске алуу менен таза сууга болгон тарифтердин наркы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркелет: №1-тиркеме.

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновко жана Базар-Коргон шаар мэриянын алдындагы “Базар-Коргон сууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Араловко жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш артуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

 

 

 Төрага

К.К. Анарбеков

“БЕКИТИЛДИ”  Базар-Коргон шаардык кеңешинин I – чакырылышынын кезектеги XХI - сессиясынын № 5 - токтому менен 19.07.2023-жыл Базар-Коргон шаардык кеңешинин төрагасы К.Анарбеков

№1-тиркеме “БЕКИТЕМИН”     Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмонов «07» 08 2023 ж

 

“БАЗАРКОРГОН СУУКАНАЛ” Муниципалдык ишканасынын суу менен камсыздоо жана саркындыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн бааларынын (тарифтеринин)

 

 ПРЕЙСКУРАНТЫ

 

№

Кызматтын түрү

Өлчөө бирдиги

Калкка

Бюджеттик ишканаларга

Ар түрдүү керектөө чүлөр

Эскертме

1

Ичүүчү суу

Сом/м3

16,8

25,0

35,0

Ндс,нсп кошулбаган

2

Саркынды суудан тазалоо(канализация)

Сом/м3

6

9

11

Ндс,нсп кошулбаган

3

Таза суу системасына инженердик тармактарга кошуу кызматы

 

Бир саат

 

406,18

 

1250,0

 

1250,0

Ндс,нсп кошулбаган

4

Саркынды суулар (канализация) системасына инженердик тармактарга кошуу кызматы

 

Бир саат

 

424,18

 

1500,0

 

3500,0

Ндс,нсп кошулбаган

5

Таза суу жана саркынды (канализация) системасына уланууга техникалык шарттарды даярдоо

 

Эки саат

 

750

 

1500,0

 

3500,0

 

Ндс,нсп кошулбаган

 

Негиз: Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн №42-буйругу.

 

 

“БАЗАРКОРГОН СУУКАНАЛ”

Муниципалдык ишканасынын жетекчиси                             

 

К. Аралов