Редакцияот 19.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы

 

2023-жылдын 19-июлу  № 7

 

Базар-Коргон шаарынын А. Хакимжанов, Манас жана К.Бегимкулов көчөлөрүнүн автоунаа жолдорун кайра калыбына келтирүүгө (асфальт бастыруу) боюнча, түзүлгөн долбоор жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун, 45-беренесинин 1-пунктун аткарууга алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика,ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна жана 01.06.2023-жылкы чыгыш №01-17/494 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XХI-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Базар-Коргон шаарынын А. Хакимжанов, Манас жана К.Бегимкулов көчөлөрүнүн автоунаа жолдорун кайра калыбына келтирүүгө (асфальт бастыруу) боюнча, түзүлгөн долбоор жактырылсын жана Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кенешинин бюджет-экономика,ишкердикти колдоо, транспорт,стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

К.К. Анарбеков