БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
2023-жылдын 19-июлу № 13
Базар-Коргон шаарындагы Сайдуллаев көчөсүнөн Б.Осмонов көчөсүнө өтүүчү альтернативалык автоунаа жолун куруу үчүн, өз ара жер аянттарын алмаштыруу келишимин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктун, 45-беренесинин 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 68-беренесинин 4-пунктун аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү автоунаа тыгындарын жоюу максатында, Сайдуллаев көчөсүнөн Б.Осмонов көчөсүнө өтүүчү альтернативалык автоунаа жолун куруу үчүн Базар-Коргон шаарынын Сайдуллаев көчөсүнүн №3 дарегинде жайгашкан 3-02-02-0008-0255 сыр белгисиндеги Абасов Абдуллох Толонбаевичдин жеке менчигиндеги жеке турак жай куруу багытындагы жер аянтынын ичинен узуну 12,50 метр туурасы 22,0 метр (12,50x22,0=275,0) жалпысы болуп 275,0 чарчы метр жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу менен альтернативалык автоунаа жолун куруу үчүн муниципалдык менчикке кабыл алган жер аянты үчүн Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу Жети-Кошкон участкасынан жеке менчик турак жай куруу үчүн 800,0 чарчы метр жер аянтын А.Т. Абасовго ажыратып берүү боюнча өз ара жер аянттарын алмаштыруу келишимин түзүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу муниципиалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мирзахмедовго милдеттендирилсин.
Төрага | К.К. Анарбеков |