Редакцияот 05.03.2024.
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 2-сессиясы

 

2024-жылдын 5-марты № 1

 

“Акназаров айыл аймагынын айылдык Кеңеши"

мекемесинин айылдык Кеңешин түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 5-мартындагы кезектеги 2-сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун “Акназаров айылдык аймактык кеңеши” жана Талас облусунун Бакай-Ата районунун “Шадыкан айылдык округдук кеңеши” бириктирүү жолу менен Кыргыз Республикасынын, Талас облусунун, Бакай-Ата районунун “Акназаров айыл аймагынын айылдык Кеңеши” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

Юридикалыкжактынтолук расмий (фирмалык)аталышы:

-Мамлекеттиктилде: "Акназаров айыл аймагынын айылдык Кеңеши" мекемеси;

-Расмийтилде: Учреждение "Айылный кенеш Акназаровского айылного аймака"

Кыскартылган расмий (фирмалык) аталышы:

-Мамлекеттиктилде: "Акназаров айыл аймагынын айылдык Кеңеши" м-и.

-Расмийтилде: У-е"Айылный Кенеш Акназаровского айылного аймака"

 

2. Талас облусунун, Бакай-Ата районунун “Акназаров айылдык аймактык кеңешинин” жана Талас облусунун, Бакай-Ата районунун “Шадыкан айылдык округдук кеңешинин” бириктирүү жолу менен жаныдан кайра түзүлгөн “Акназаров айыл аймагынын айылдык Кеңеши” мекемесине өткөрүп берүү актылары бекитилсин (тиркеме тиркелет).

3. Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.

 

4. “Акназаров айыл аймагынын айылдык Кеңеши” юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Бакай-Ата району, Кызыл-Октябрь айылы, Аман көчөсү, №108 болуп аныкталсын.

 

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

 

Акназаров айылдык кеңешинин төрагасы

 

К. Жорготаев

 

 

БЕКИТИЛДИ

 

Акназаров айыл аймагынын

айылдык кеңешинин 2024-жылдын

5-марттагы №1 токтому менен

 

Өткөрүп берүү актысы

 

Кызыл-Октябрь айылы

 

5-март 2024-ж.

 

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 21-февралындагы № Б-13/66 буйругу менен түзүлүп бекитилген төмөндөгү комиссия курамы:

- С.Мамбетов - Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясыны башчысы комиссиянын төрагасы;

- А.Сыдыков- Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси,комиссиянын төрагасынын орун басары;

-  Б.Калыбаев -Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адис,комиссиянын катчысы;

Комиссия мүчөлөрү:

-Г.Саманчиева-Бакай-Ата финансы башкармалыгынын башчысы;

-К.Бердалиев- Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы;

- Б.Жолдошбеков- МСК Бакай-Ата району боюнчабашкармалыгынын башчысы;

- Ш.Озубеков- Бакай-Ата райондук мамлекеттик архив бөлүмүнүн башчысы;

-Н.Султанов-Бакай-Ата райондук статистика бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу жолу менен).

-Н.Исмаилова-Бакай-Ата районудк эмгек,социалдык социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгын башчысы.

- К.Жорготаев Акназаров айылдык кенешинин  төрагасы;

-К.Жорготаев- Акназаров айылдык кенешинин төрагасы ;

төмөндөгүдөй Өткөрүп берүү актысын түздүк.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун “Акназаров айылдык аймактык кеңешинин” кайра жаңыдан түзүлгөн “Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесине өткөрүп берүү актысы.

“Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айылдык аймактык кенеши” менен “Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан округдук кенеши” мекемелери бириктирүү жолу менен кайра жаңыдан түзүлгөн “Акназаров айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесине мекемелердин бардык кредиторлору менен карызкорлоруна карата бардык милдеттенмелери боюнча укуктардын, анын ичинде тараптар талашып жаткан милдеттенмелер боюнча укуктардын баары өтөт жана укук улантуучусу болуп эсептелинсин, атап айтканда:

Айылдык аймактык кенештин төмөнкү документтерди тиркемеге ылайык укугу өтүүчүгө өткөрүп берет:

1.1. Айылдык аймактык кенештин уюштуруу документтерин.

1.2. Айылдык аймактык кенештин документтери жана отчетторун.

1.3. Айылдык аймактык кенештин Архивге туруктуу сактоого өткөрүлүп берилген мекеменин иш кагаздарынын инвентаризациясы.

1.4. Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен мекемелик документтерди жок кылууга берүү жөнүндө актылар.

Ушул Өткөрүп берүү актысына ылайык, Айылдык аймактык кенештин жана милдеттери Укугу өтүүчүгө өтөт.

Айылдык аймактык кенештин, ал эми Укугу өтүүчү бардык карызкорлорго, кредиторлорго, ошондой эле Мекемелерге өз милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда аткаргандыгы же тиешелүү милдеттенмелери токтотулгандыгы жөнүндө билдирбеген бардык кредиторлорго карата бардык укуктарды жана милдеттерди өзүнө алат.

 

Бул Өткөрүп берүү актысына Айылдык аймактык кенештин ырааттуу өткөрүп берүүнүн натыйжасында ыйгарылуучу тарап тарабынан ырааттуу түрдө кол коюлат жана бирдей юридикалык күчкө ээ үч нускада түзүлөт.

 

Тиркеме:1 баракта.