Редакцияот 05.03.2024.
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 2-сессиясы

 

2024-жылдын 5-марты № 2

 

Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин

регламентин бекитүү жөнүндө

 

Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 5-мартындагы кезектеги 2-сессиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик–аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосун жетекчиликке алып, айыл аймагынын айылдык кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында талкуулап чыгып;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Акназаров айылдык аймактык кеңешинин регламенти Кыргыз Республикасынын

 Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү түү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутат тарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу статусу жөнүндө”, ”Кыргыз Республикасынын ченемдик  укуктук актылары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган регламенти өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин.

 

2. Айылдык кеңештин регламентинин II. Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруу. 16-глава. 16.3. пунктуна жана 16.11 пунктуна өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилсин. 17-глава. 17.10.жаңы пункт киргизилсин./тиркеме тиркелет/.

 

3. Регламенттин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жана этика, мандат жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.

 

4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Акназаров айылдык кеңешинин төрагасы

 

К. Жорготаев

 

 

“Акназаров айыл аймагынын

айылдык кеңеши” мекемесини

2024-жылдын “5”мартындагы

№2 токтому менен бекитилген

 

Акназаров айылдык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрү жана толуктоолору

 

II.Бөлүм.Жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруу.

 

16-глава. Жергиликтүү кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби.

 

16.3. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин 30 мүнөттүн аралыгында кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу 10 мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде 10 мүнөттүн ичинде кворум камсыз кылынбаса, анда сессия болбой калды деп эсептелинет.

Каттоо 40 мүнөттөн кийин токтотулат. Кворум болгондон кийин кечигип келгендер катталбайт.

 

16.11. Сессияларга катары менен 2 жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутаттарга карата жергиликтүү кеңештин депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жер гиликтүү кеңештин чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймак-тык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

 

17-глава. Жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясы.

 

17.10. Кезексиз сессиянын күн тартибине зарыл каралуучу маселелер айыл өкмөтүнүн башчысынын демилгеси, сунушу менен депутаттарга жана чакырылган адамдарга 2 календарлык күнгө чейин таркатылсын жана 17.10 пунктуна 16.11 пункту колдонулбайт, иштебейт, тиешеси жок деп көрсөтүлсүн.

 

 

Жооптуу катчы

 

С. Шабданова