Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 1-сессиясы

 

2024-жылдын 7-марты № 1

 

“Шадыкан айыл өкмөтү мекемеси менен “Акназаров айыл өкмөтү “

Мекемесинин кошулуусу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик–аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 “Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик–аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 7-мартындагы кезексиз 1-сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын, Талас облусунун, Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл өкмөтүнүн мекемеси жана Кыргыз Республикасынын, Талас облусунун, Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтү мекемесинин бириктирүү жолу менен Кыргыз Республикасынын, Талас облусунун, Бакай-Ата районунун “Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөтү” болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы Шадыкан айыл өкмөтүнүн мекемесинин башчысы Таалайбеков Бийгазы Таалайбековичке жана Акназаров айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Жакшымбетов Ильяс Төрөкановичке жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.

 

 

Акназаров айылдык кеңешинин төрагасы

 

К. Жорготаев