Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 1-сессиясы

 

2024-жылдын 7-марты № 2

 

“Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси

айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик–аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 “Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик–аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 7-мартындагы кезексиз 1-сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын, Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, ”Акназаров” айыл аймагынын “Акназаров айыл өкмөтү” мекемеси жана Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, ”Шадыкан” айыл аймагынын “Шадыкан айыл өкмөтү” мекемесин бириктирүү жолу менен Кыргыз Республикасынын, Талас облусунун, Бакай-Ата районунун “Акназаров “ айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

 

Юридикалык жактын толук расмий (фирмалык) аталышы:

-Мамлекеттик тилде: ”Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси.

-Расмий тилде: Учреждение “Айыл окмот Акназаровского айылного аймака”

Кыскартылган расмий (фирмалык) аталышы:

-Мамлекеттик тилде: ”Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөтү”м-и.

-Расмий тилде: У-е “Айыл окмот Акназаровского айылного аймака”.

 

2. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын “Акназаров айыл өкмөтү” мекемесинин жана Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагынын “Шадыкан айыл өкмөтү” мекемесинин “Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесине өткөрүп берүү актылары бекитилсин (тиркеме тиркелет).

3. “Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин Жобосу бекитилсин.

4. “Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы,Талас облусу, Бакай-Ата району, Кызыл-Октябрь айылы, Аман көчөсү, №108 болуп аныкталсын.

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарына мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат

 

 

Акназаров айылдык кеңешинин төрагасы

 

К. Жорготаев

 

 

БЕКИТИЛДИ

Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин

2024-жылдын 7-мартындагы №2

токтому менен

 

Өткөрүп берүү актысы

Кызыл-Октябрь айылы

 

7-март 2024-ж.

 

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 21-февралындагы № Б-13/66 буйругу менен түзүлүп бекитилген төмөндөгү комиссия курамы:

- С.Мамбетов - Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясыны биринчи орун басары комиссиянын төрагасы;

- А.Сыдыков- Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары;

- Б.Калыбаев -Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адис, комиссиянын катчысы;

-Г.Саманчиева-Бакай-Ата финансы башкармалыгынын башчысы;

комиссиянын мүчөлөсү;

-К.Бердалиев- Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, комиссиянын мүчөлөсү;

- Ш.Озубеков- Бакай-Ата райондук мамлекеттик архив бөлүмүнүн башчысы;

комиссиянын мүчөлөсү;

- Б.Жолдошбеков- МСК Бакай-Ата району боюнча башкармалыгынын башчысы;

комиссиянын мүчөлөсү;

-Н.Султанов-Бакай-Ата райондук статистика бөлүмүнүн башчысы

комиссиянын мүчөлөсү;

-Н.Исмаилова-Бакай-Ата районудк эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгын башчысы, комиссиянын мүчөлөсү;

-И.Жакшымбетов- Акназаров айылдык аймагынын Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы;

-Р.Байдулатов -Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы болуп төмөндөгүдөй Өткөрүп берүү актысын түздүк.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айылдык аймагынын “Акназаров айыл өкмөтү” мекемеси менен Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айылдык аймагынын “Шадыкан айыл өкмөтү” мекемеси бириктирүү жолу менен кайра түзүлгөн “Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесине мекемелердин бардык кредиторлору менен карызкорлоруна карата бардык милдеттенмелери боюнча укуктардын, анын ичинде тараптар талашып жаткан милдеттенмелер боюнча укутардын баары өтөт жана укук улантуучусу болуп эсептелинсин, атап айтканда:

Мекеме төмөнкү документтерди тиркемеге ылайык укугу өтүүчүгө өткөрүп берет:

1.1. Мекеменин уюштуруу документтерин.

1.2. Мекеменин балансындагы мүлккө болгон укуктарын ырастоочу документтер.

1.3. Мекеменин ички документтери жана отчетторун.

1.4. Бухгалтердик документтерин жана отчетторун (бухгалтердик баланстар, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчеттор, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган финансылык отчетко тиркемелер, финансылык отчеттун аныктыгын ырастаган аудитордук отчеттор, түшүндүрмө каттар).

1.5. Архивге туруктуу сактоого өткөрүлүп берилген мекеменин иш кагаздарынын инвентаризациясы.

1.6. Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен мекемелик документтерди жок кылууга берүү жөнүндө актылар.

Ушул Өткөрүп берүү актысына ылайык, Мекеменин бардык укуктары жана милдеттери Укугу өтүүчүгө өтөт.

Мекемелер өткөрүп берет, ал эми Укугу өтүүчү бардык карызкорлорго, кредиторлорго, ошондой эле Мекемелерге өз милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда аткаргандыгы же тиешелүү милдеттенмелери токтотулгандыгы жөнүндө билдирбеген бардык кредиторлорго карата бардык укуктарды жана милдеттерди өзүнө алат.

Бул Өткөрүп берүү актысына Мекемеден көчүрмөлөрдү ырааттуу өткөрүп берүүнүн натыйжасында ыйгарылуучу тарап тарабынан ырааттуу түрдө кол коюлат жана бирдей юридикалык күчкө ээ үч нускада түзүлөт.

  

Тиркеме: _______ баракта.

 

_________________________________________________комиссиянын төрагас 

_________________________________________________комиссиянын мүчөсү,