Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 1-сессиясы

 

2024-жылдын 7-марты № 3

 

“Шадыкан” айыл өкмөтү менен “Акназаров“ айыл өкмөттөрүнүн

2024-жылдын бюджеттерин бириктирүү

жөнүндө

 

Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 7-мартындагы кезексиз 1-сессиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик–аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. ”Шадыкан” жана “Акназаров” айыл өкмөттөрүн бириктирүү жолу менен “Акназаров“ айыл аймагынын айыл өкмөтү” болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу 2024-жылга кабыл алынган бюджеттерин бириктирүүгө макулдук берилсин.

 

2. Бириккен Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бириккен бюджетинин көлөмү киреше,чыгашасы менен 37 548 100 сом аткарууга алынсын.

3. Бекитилген бюджет өзгөртүүсүз кабыл алынсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кенешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Акназаров айылдык кеңешинин төрагасы

 

К. Жорготаев