Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Хан-Теңири  айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши

 ТОКТОМ 

Хан-Теңири  айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

28-чакырылышынын кезексиз 2 - сессиясы

 

2024-жылдын 20-мартындагы №7

 

Ак-Чий   айылындагы айыл чарба категориясындагы

№883-контурдагы 0,25 га жайыт жер тилкесин ошол

эле категориядагы курулуш алдына которууга

 (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

 

          Мал чарбасын өнүктүрүү үчүн Хан-Теӊири айыл аймагына караштууАк-Чий    айылындагы  айыл чарба категориясындагы №883-контурдагы 0,25 га жайыт жер тилкесин ошол эле категориядагы курулуш алдына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап жергиликтүү кенеш токтом кылат :

 

1.            Хан-Теӊири айыл аймагына караштууАк-Чий айылындагы  айыл чарба категориясындагы №883-контурдагы 0,25 га жайыт жер тилкесин айыл чарба категориядагы курулуш алдына которууга (трансформациялоого)  макулдук берилсин.

2.            Бул токтом МКК жарыялагандан кийин Ысык-Көл облусттук юстиция башкармалыгына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

3.            Токтомду аткарууга алуу Хан-Теӊири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча   туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага И.Алымжан уулу