Редакцияот 21.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышындагы

 2 сессиясы

 

2024-жылдын 21-февралыы № 1

 

Бириккен Шекер айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары  жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу.

 

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону жетекчиликке алып;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Бириккен Шекер айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 21-февралындагы №1 протокол бекитилсин.

 

2. Шекер бириккен Шекер айыл аймагынын Шекер айылдык кеңешинин Иманалиев Канатбек Эркинович шайланган төрага деп таанылсын

 

3. Шекер бириккен Шекер айыл аймагынын Шекер айылдык кеңешинин  төрагасынын орун басары Салыбеков Талгат Качкынбаевич деп таанылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

К. Э. Иманалиев

 

 

 

 

 

 

  

Талас облусунун Айтматов районундагы бириккен Шекер айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

 

№1 ПРОТОКОЛ

 

2024-жылдын 21-февралы

 

Көк-Сай айылы

Төрагалык кылуучу

 

Исмантаев С. И

Сессиянын катчысы

 

Бейшенова Г.А

 

Катышкандар:

 

Көк-Сай, Шекер бириккен Шекер айылдык кеңешинин жалпы депутаттарынын саны 42, анын ичинен катышкандары -39

 

"Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жобого ылайык, төрагалык кылуучу Исмантаев Сейдакпар бириккен Шекер айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча ачык добуш берүүнүн тартиби менен тааныштырды.

 

Бириккен Шекер айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна 2 талапкер Айтматов районундагы Шекер айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин төрагалары ат салышкан.

1. Салыбеков Талгат Качкынбаевич Кок- Сай айылдык кеңештин төрагасы;

2. Иманалиев Канатбек Эркинович Шекер айылдык кеңештин төрагасы;

 

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөндөгүлөр аныкталды:

1. Бириккен Шекер айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы саны 42(кырк эки)түзөт.

2. Ачык добуш берүүгө катышкан депутаттардын саны -39 (отуз тогуз)

3. Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны (алфавиттик тартипте):

 

1. Иманалиев Канатбек Эркиновичке- 38 (отуз сегиз) добуш берип 1 адам калыс добуш берди.

2. Салыбеков Талгат Качкынбаевичке 1 (бир) добуш берилип 38(отуз сегиз) каршы.

Айтматов районундагы Шекер айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна ар бир талапкер боюнча ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары аныкталды, ага ылайык депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер Иманалиев Канатбек Эркиновичке бириккен Шекер айылдык кеңешинин шайланган төрагасы деп таанылды. Айтматов районундагы Шекер айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна ар бир талапкер боюнча ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары аныкталды, ага ылайык депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер Салыбеков Талгат Качкынбаевич бириккен Шекер айылдык кеңешинин шайланган төрагасынын орун басары деп таанылды.

 

 

Төрагалык кылуучу

 

Исмантаев С.И.

Сессиянын катчысы

 

Бейшенова Г.А.