ШЕКЕР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышындагы
2 сессиясы
2024-жылдын 11-марты № 1
«Көк-Сай» айыл өкмөтү мекемеси “Шекер” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370-катар сандуу Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү №52-токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Шекер айыл аймагынын” айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Айтматов районунун Көк-Сай айылдык аймагынын «Көк-Сайайыл өкмөтү» мекемеси менен Талас облусунун Айтматов районунун Шекер айылдык аймагынын «Шекерайыл өкмөтү» мекемесинин бириктирүү жолу менен Кыргыз Республикасынын, Талас облусунун Айтматов районунун «Шекерайыл аймагынын айыл өкмөтү» болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы Көк-Сай айыл өкмөтүнүн мекемесинин башчысы Чомотоев Канат Керимкуловичке жана Шекер айыл өкмөтүнүн мекемесинин башчысы Кемелбек уулу Максатка жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |