Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

      Хан-Теңири  айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши

 ТОКТОМ 

Хан-Теңири  айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

28-чакырылышынын кезексиз 3 - сессиясы

 

2024-жылдын 16-апрелиндеги №10    

          

Хан-Теӊири айыл аймагынын такталган чек араларынын

схематикалык  картасын бекитүү жөнүндө

 

         “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын  29-декабрындагы №370 Жарлыгынын негизинде Ак-Булуӊ, Ак-Чий, Боз-Учук жана Жыргалаӊ айыл аймактары биригип Хан-Теӊири айыл аймагын түздү.  Мурдагы айыл аймактардын чек араларынын негизинде түзүлгөн Хан-Теӊири айыл аймагынын жаӊы чек арасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине  караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ак-Суу райондук бөлүмү тарабынан схематикалык картасын жергиликтүү кенештин депутаттарынын кароосуна коюп жана талкуулап,   Хан-Теӊири   жергиликтүү кенеш токтом кылат :  

1.    Хан-Теӊири айыл аймагынын такталган административдик чек арасынын схематикалык  картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына айтылган сунуштарды эске алуу менен макулдук берилсин.

2.    Хан-Теӊири   жергиликтүү кенешинин төрагасына жана айыл өкмөтүнүн башчысына схематикалык картасына кол койуу тапшырылсын.

3.     Жер, жайыт маселелери боюнча жаӊы карта менен  иш алып баруу Хан-Теӊири айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.    Токтом сайтка жарыялангандан кийин юстиция органдарына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

5.    Бул токтомдун көчүрмөсү Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

6.    Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүктү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага                                                                                    И.Алымжан уулу