Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Хан-Теңири  айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши

 ТОКТОМ 

Хан-Теңири  айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

28-чакырылышынын кезексиз 3 - сессиясы

 

2024-жылдын 16-апрелиндеги №12

 

 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты каттоо департаменти менен Хан-Теӊири 
 айыл өкмөтүнүн ортосундагы “Жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым
укуктарды берүү  жөнүндө”  келишимди бекитүү жөнүндө
 

       Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты каттоо департаменти менен Хан-Теӊири айыл өкмөтүнүн ортосундагы “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү   жөнүндө”   келишимди бекитүү жөнүндөгү маселени карап жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты каттоо департаменти менен Хан-Теӊири айыл өкмөтүнүн ортосундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү   жөнүндө  айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби  жөнүндөгү келишим бекитилсин.

2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.

3. Токтом ченемдик укуктук актылардын бирдиктүү реестрине катталып,  Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

4. Токтомдун көзөмөлгө алып аткаруу Хан-Теӊири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго  жүктөлсүн.

 

 

Төрага        И.Алымжан   уулу