Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Хан-Теңири  айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши

 ТОКТОМ 

Хан-Теңири  айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

28-чакырылышынын кезексиз 3 - сессиясы

 

 

2024-жылдын 16-апрелиндеги №13

 

Хан-Теӊири айыл аймагындагы мектеп окуучуларына жана жаш

өспүрүмдөргө  зыяндуу продукцияларды сатууга тыйуу салуу жөнүндө

 

          Хан-Теӊири айыл аймагындагы айылдарда учурда ар кандай мектеп окуучуларынын жана он сегиз жашка чейинки өспүрүм балдардын  абройуна шек келтире турган уурулук, зордук, зомбулук сыяктуу окуялар болуп жаткандыгы боюнча маалыматтар келип жатат. Ошондуктан ушундай жаман иштерге бөгөт койуу максатында мектеп жашындагы жана он сегиз жашка чейинки өспүрүмдөргө ден соолукка зыян келтире турган  тамеки, насвай, спирт ичимдиктерин жана энергетикалык суусундуктарын сатууга жана күн сайын  кечкисин саат 22-00 дон баштап балдарды көчөгө чыгарууга  тыйуу салуу максатында жергиликтүү кенеш токтом кылат:

1.              Хан-Теӊири айыл аймагынын айылдарында ( Ак-Булуӊ, Ак-Булак, Ак-Чий, Боз-Учук, Жыргалаӊ, Ичке-Жергез, Качыбек, Ново-Вознесеновка, Советское, Токтогул) мектеп жашындагы окуучуларга жана 18 жашка чейинки  өспүрүм балдарга ден соолукка зыян келтире турган тамеки, насвай, спирт ичимдиктерин жана энергетикалык суусундуктарын сатууга тыйуу салынсын.

2.              Аймактагы айылдардын айыл башчыларына, айыл өкмөтүнүн соц.кызматкерлерине, мектептердин директорлоруна, тилкелик нускоочуга, аймактагы ИДНге  окуучу жана 18 жашка чейинки өспүрүм балдарды кечки саат 22-00дон баштап көчөгө чыгарбоосу боюнча   ата-энелерге, камкорчуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылсын.

3.               Жогорудагы тыйуу салууларды көзөмөлдөө жана аймактагы айылдардын дүкөндөрүндө тамеки, насвай, спирт ичимдиктерин жана энергетикалык суусундуктарды окуучу жана  18 жашка чейинки өспүрүм балдарга сатууну чектөө боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго  ар бир айылда атайын курамда комиссия  түзүп иштөөсү милдеттендирилсин.

4.              Токтомдун  аткарылышына көзөмөлдүктү жергиликтүү кенештин мыйзамдуулук жана укук коргоо, депутаттык этика, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо   боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                              И.Алымжан уулу