Редакцияот 11.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышындагы

2 сессиясы

2024-жылдын 11-марты № 3

 

“Шекер айыл аймагынын айылдык кеңеши"

мекемесин түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып; 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылдык аймактык кеңешин жана Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык аймактык кеңешин бириктирүү жолу менен кайра уюштурулуп жаңыдан “Шекер айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси болуп түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: "Шекер айыл аймагынын айылдык кеңеши " мекемеси;

- Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Шекерский  айылного аймака"

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: " Шекер айыл аймагынын айылдык кеңеши" м-и.

- Расмий тилде: У-е "Айылный кенеш Шекерский айылного аймака"

2.  Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.

3. Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Талас  облусу, Айтматов району, Көк-Сай айылы, К.Нукеев көчөсү, №20 болуп аныкталсын.

4. Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин жана Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык аймактык кеңешинин жаңыдан кайра түзүдөгү “Шекер айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесине өткөрүп берүү актылары бекитилсин.

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

 

Төрага

 

К. Э. Иманалиев

 

 

“Шекер” айыл аймагынын

айылдык кеңеши”

мекемесинин 2024-жылдын

11- мартынын №3- токтому

менен бекитилген

 

 “Шекер айыл аймагынын айылдык кеңеши”

мекемесинин

 

Жобосу

 

1.    Жалпы жоболор

 

1.1.“Шекер ” айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси (мындан ары – айылдык кеңеш) – тиешелүү мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.

1.2.  Айылдык кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка ченемдик актыларга жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.

1.3. Айылдык кеңештин уюштуру-укуктук формасы – мекеме.

1.4. Айылдык кеңештин толук фирмалык аталышы:

-        Мамлекеттик тилде: “Шекер айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси;

-        Расмий тилде: Учреждение “Айылный Кенеш Шекерский  айылного аймака”;

-        Айылдык кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы:

-        Мамлекеттик тилде: “Шекер  айыл аймагынын айылдык кеңеши”  м-и;

-        Расмий тилде: У-е “Айылный Кенеш Шекерский  айылного аймака”;

1.5. Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Талас  облусу, Айтматов  району, Кок-Сай айылы, К.Нукеев көчөсү № 20.

1.6. Мекеменин иштөө мөөнөтү чектелбейт.

1.7. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак болуп саналат. Айылдык кеңеш өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттерди тартууга, келишим түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, оперативдүү башкаруу укугунда негизги жана жүгүртүү каражаттарына, өз алдынча баланска, банктардагы алыш-бериш жана башка эсептерге, өзүнүн символикасы бар мөөргө, штампка жана бланктарга ээ болууга укуктуу. 

2.    Айылдык кеңештин сессиясы

2.1. Жергиликтүү кеңештердин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп алардын сессиялары эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

2.2. Жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укуктуу. Айылдык кеңеш чечимди жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.

2.3. Жергиликтүү кеңештердин сессиялары ачык, кварталына кеминде бир жолу же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт. Жергиликтүү кеңештин сессиясын чакыруу жана жыйналышты өткөрүү тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.