ТОРУ–АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр жергиликтүү кеңешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 20-февралындагы № 5
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жашоочуларынын басымдуу бөлүгү кыргыз улутундагы калк болгондуктан жана айыл аймагындагы жашоочулар кыргыз тилин жакшы түшүнгөндүктөн жергиликтүү кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин иш-кагаздары мамлекеттик тил кыргыз тилинде жүргүзүлсүн.
2.Бул токтом басылмаларга жарыялангандан кийин Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3.Токтомду аткарууга алуу айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Төрага Э.А.Мамбетов