ШЕКЕР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышындагы
3 сессиясы
2024-жылдын 9-апрели №9
Исмантаев Мирбектин кайрылуусу жөнүндө.
Шекер айылынын тургуну Исмантаев Мирбекке 2008-жылы үй куруу үчүн тийиштүү жер бөлунүп берилип, системный каттоодон катталбай калгандыгына байланыштуу мыйзамдаштырып берүү максатында;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исмантаев Мирбекке 2008-жылы үй куруу үчүн жер бөлунүп берилип, кандайдыр бир себептерден системный каттоодон катталбай калгандыгына байланыштуу айыл өкмөтү жеринен тактап алып жүргөн жерине кайрадан 0.15 га жер тилкесине жаңы токтом чыгарып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага жүктөлсүн.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |