Редакцияот 23.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРУ–АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын  Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 23-апрелиндеги № 7

 

Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагындагы ички жолдорду муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

        

Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагындагы ички жолдорду башкача айтканда Сары-Камыш, Кызыл-Өрүк, Тору-Айгыр, Чырпыкты, Кош-Көл, Тамчы айылдарынын ички жолдорун айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу боюнча Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин сунушун угуп, талкуулап, Эл депутаттарынын  Тору-Айгыр-Тамчы  айыл аймагынын жергиликтүү  кеңешинин ХХVIII  чакырылышынын кезектеги үчүнчү  сессиясы

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

          1.Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагындагы Сары-Камыш, Кызыл-Өрүк, Тору-Айгыр, Чырпыкты, Кош-Көл, Тамчы айылдарынын ички жолдору айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

         2.Ички жолдорду муниципалдык менчикке алуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.

         3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                      Э.А.Мамбетов