Редакцияот 23.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРУ–АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын  Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 23-апрелиндеги № 11

 

Жайкы мал багуу акысын жана көчүп-конуу тартибин бекитүү жөнүндө

       Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагындагы айыл тургундары жана мал багуучулар менен биргеликте өткөрүлгөн элдик жыйындардын (Чырпыкты, Кош-Көл айылдары-26.03.2024, Тору-Айгыр, Кызыл-Өрүк, Тамчы айылдары-27.03.2024, Сары-Камыш айылы 28.03.2024) протоколдору жана чечимдери менен таанышып, талкуулагандан кийин Эл депутаттарынын  Тору-Айгыр-Тамчы  айыл аймагынын жергиликтүү  кеңешинин ХХVIII  чакырылышынын кезектеги үчүнчү  сессиясы

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

        1.Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагындагы айыл тургундары жана мал багуучулар менен биргеликте өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечимдери бекитилсин.

        2.Мал багуучунун эмгек акысы төмөнкү өлчөмдө чектелсин: кой-эчки ар бир башка 80сом (налог, тузу ичинде), бодо мал (уй, жылкы)-500сом, тайга-1000сом.

        3.Мал багуучулардын көчүп-конуу графиги:

-Айыл ичиндеги малдар 1-апрелден 10-апрелге чейин тоого чыгарылат. Субай малдарды айыл ичинде алып калууга тыюу салынат.

-Кашардагы малдар 10-15-майга чейин тоого чыгарылат.

-Күзүндө тоодон уй, жылкы 15-октябрдан баштап, кой, эчкилер 1-ноябрдан баштап келүүгө уруксат берилет.

        4.Көчүп-конуу графигин бузуп, өз убагында көчпөгөн жана эрте келген малчы, фермерлерге карата мыйзам чегинде чара көрүү жагы Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.

         5.Элдик жыйындардын чечимдерин жана жергиликтүү кеңештин токтомун аткарбаган малчы, фермерлерге карата мыйзам чегинде чара көрүү жагы Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.

        6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                      Э.А.Мамбетов