ТОРУ–АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-апрелиндеги № 19
Айыл чарба багытындагы эмес жерлердин зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин (2022-жылдын 18-январы № 3)
404-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлердин зоналдык коэффициентин бекитип берүү боюнча
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин сунушун угуп, талкуулап, Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлердин зоналдык коэффициенти 2,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Аныкталган токтомду каттоо жана мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага Э.А.Мамбетов