Редакцияот 27.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРУ–АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын  Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы

2024-жылдын 27-майындагы № 2

Жердин багытын өзгөртүү жөнүндө

         Тору-Айгыр айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы 175га жайыт жер тилкесин  (контур №583) күн нурунан электр энергиясын алуучу электро станцияларын долборлоо жана куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин сунушун угуп, талкуулагандан кийин Эл  депутаттарынын 

Тору-Айгыр-Тамчы жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

         1. Тору-Айгыр айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы 175га жайыт жер тилкеси (контур №583) “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

        2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнү башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                      Э.А.Мамбетов