Редакцияот 05.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРУ–АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын  Тору-Айгыр –Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы

 

2024-жылдын 05-июнундагы № 1

Тору-Айгыр айылына капчыгайга платина куруу долбоору жөнүндө

       Айыл аймагындагы суу жетишсиздигин чечүү, азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу максатында, Тору-Айгыр айылынын тургуну жана райондук суу чарба бөлүмүнүн инженери Акеев Таалайбек Мырзапаровичтин кайрылуусун угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба департаментинин жооптуу адамдары менен

Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Д.Т.Жумабаевдин жолугушуп, такташуусунун жыйынтыгы менен таанышып, Эл  депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

        1.Тору-Айгыр айылына капчыгайга платина курдуруу үчүн сметалык проектисин түздүрүүгө 15 000 000 (он беш миллион) сом акча каражаты Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

        2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо, иш алып баруу жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнү башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                      Э.А.Мамбетов