Редакцияот 22.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги I- сессиясы

 

2024-жылдын 22-февралы № 1

 

“Каракол айыл аймагынын айылдык кеңеши"

мекемесин түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Талас облусунун Талас районунун Арал айылдык аймактык кеңеши“ мекемеси, “Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айылдык аймактык кеңеши” мекемеси, “Талас облусунун Талас районунун Кууганды айылдык аймактык кеңеши” мекемеси бириктирүү жолу менен жаңыдан “Каракол айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: "Караколайыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемеси;

- Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Караколского айылного аймака"

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: "Караколайыл аймагынын айылдык кеңеши" м-и.

- Расмий тилде: У-е "Айылный кенеш Караколского айылного аймака"

2. Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп Токушев Фарид Кубаналиевич шайлансын .

3. “Талас облусунун Талас районунун Арал айылдык аймактык кеңеши“ мекемесинин, “Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айылдык аймактык кеңеши” мекемесинин, “Талас облусунун Талас районунун Кууганды айылдык аймактык кеңеши” мекемесинин “Каракол айыл аймагынын айылдык кеңеши“ мекемесине өткөрүп берүү актылары бекитилсин.

4. Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.

5. "Каракол айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Талас району, Арал айылы, Чыныке-Бий көчөсү, № 1 болуп аныкталсын.

6. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

 

Төрага

 

Ф. К. Токушев