Редакцияот 22.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги I- сессиясы

 

2024-жылдын 22-февралы № 2

 

“Каракол айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси

түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Каракол айылдык аймактык Кеңешинин кезектеги сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун, Талас районунун, Арал айылдык аймагынын «Арал айыл өкмөтү» мекемеси, Талас облусунун, Талас районунун, Айдаралиев айылдык аймагынын «Айдаралиевайыл өкмөтү» мекемеси, Талас облусунун, Талас районунун Кууганды айылдык аймагынын «Кууганды айыл өкмөтү» мекемеси бириктирүү жолу менен жаңыдан «Каракол айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесиболуп кайра түзүлсүн.

 

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: “Караколайыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси;

- Расмий тилде: Учреждение “Айыл окмот Караколского айылного аймака”.

 

Кыскартылган фирмалык аталышы:

-       мамлекеттик тилинде: “Караколайыл аймагынын айыл өкмөтү” м-и;

-       расмий тилде: У-е “Айыл окмот Караколского айылного аймака”

 

2. Талас облусунун, Талас районунун, Арал айылдык аймагынын «Арал айыл өкмөтү» мекемесинин, Талас облусунун, Талас районунун, Айдаралиев айылдык аймагынын «Айдаралиевайыл өкмөтү» мекемесинин, Талас облусунун, Талас районунун Кууганды айылдык аймагынын «Кууганды айыл өкмөтү» мекемесинин «Каракол айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесине өткөрүп берүү актылары бекитилсин (тиркеме тиркелет).

 

3. «Караколайыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин Жобосу бекитилсин.

4. «Караколайыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Талас району, Арал айылы, Чыныке-Бий көчөсү, №1 аныкталсын.

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

 

Төрага

 

Ф. К. Токушев