КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги II- сессиясы
2024-жылдын 20-марты № 5
Айылдык Кеңештин тармактык туруктуу комиссияларынын курамын жана тармактык туруктуу комиссияларынын төрагаларын шайлоо жөнүндө
Туруктуу комиссиянын курамын шайлоо боюнча ар бир айыл аймактарда мурда иштеп жаткан тармактык туруктуу комиссиялардын курамдарын бириктирип, жаңы гана төрага шайлоо жөнүндө төраганын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунушун эске алуу менен кезектеги сессия:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кенештин алдында курамы 9 депутаттан турган 4 тармактык туруктуу комиссия түзүлсүн. Алар:
- Бюджет жана экономика,ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү,муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясы;
- Социалдык маселелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт жана маданият боюнча тармактык туруктуу комиссиясы;
- Жер, айыл чарбасы жана экология, архитектура, курулуш, транспорт, ишкердик иштер, кызмат көрсөтүү боюнча тармакттык туруктуу комиссиясы ;
- Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча тармактык туруктуу комиссиясы;
2. Тармактык туруктуу комиссияларынын курамы жана туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен сунушталган тармактык туруктуу комиссияларынын төрагалары бекитилсин. Алар:
А) Бюджет жана экономика, ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын курамы:
- Сейталиев Орозбай;
- Тайтекеев Эрнест;
- Бактыбек уулу Азамат;
- Токтогулова Акыйкат;
- Сарымсаков Достук;
- Мысаев Чолпон;
- Исмаилова Жибек;
- Сейдакматова Света;
- Сыдыгалиев Бактыбек;
төрайымы - Исмаилова Жибек;
Б) Социалдык маселелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт жана маданият боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын курамы:
- Джуматаева Сейил ;
- Тайтаков Бакберди;
- Ниязалиев Масалбек;
- Конушбаева Дамира;
- Жолдошов Максат;
- Рыскулов Шаршенбек;
- Сарбагышова Гүлзат.
- Букуева Эркин.
- Исакова Нурила.
төрайымы - Сарбагышова Гүлзат;
В) Жер, айыл чарбасы жана экология, архитектура, курулуш, транспорт, ишкердик иштер, кызмат көрсөтүү боюнча тармакттык туруктуу комиссиясынынкурамы:
- Жаналиева Гүлнар;
- Сагындык уулу Бек;
- Казыбеков Эрмек;
- Түлөбердиев Нурсултан;
- Осмоналиева Чынаркан
- Мамакеева Алина
- Шейшенов Каныбек.
- Шабданбек уулу Ноорузбек;
- Иманалиев Нурманбет;
төрагасы - Сагындык уулу Бек;
Г) Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын курамы:
- Кыдыров Алтынбек;
- Темиралиева Магира;
- Жунушалиева Сабира
төрагасы -Кыдыров Алтынбек бекитилсин.
3. Бекитилген тармактык туруктуу комиссиялардын төрагалары тармактык туруктуу комиссияларыны жылдык иш-пландарын түзүү менен аткарууга алышсын.
4. Айыл тургундарынын арыздарын убагында жер-жеринде аткарууга алуу жагы тармактык туруктуу комиссияларынын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |