Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги II- сессиясы

 

2024-жылдын 20-марты № 6

 

Каракол айылдык кеңешинин аймагындагы “Нур желеси” мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги тарбиялануучулардын тамак ашына ата-эне тарабынан төлөнүүчү төлөмү жөнүндө

Үч-Эмчек айылындагы “Нур желеси” МЧББМ синин жетекчиси Кубанычбекова Бактыгүлдүн ата-энелер менен өтүлгөн жыйын тууралуу билдирүүсүн жана депутаттардын ой-пикирлерин сунуштарын угуп, талкуулап чыгып, кезектеги сессия;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Эмчек айылынын “Нур желеси” балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелеринин жалпы макулдашуусу менен тамак-аштын төлөмү апрель айынан баштап ар бир балага айына 1200(бир миң эки жүз) сомго көтөрүлсүн. Банктын төлөм кызматы андан тышкары каралсын.

2. Социалдык маселелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт жана маданият боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнө айылдагы мектепке чейинки билим берүү ишканасына балдарын орноштуруу мүмкүнчүлүгү жок ата-энелер, ДМЧ балдары бар ата-энелер жана жардамга муктаж аз камсыз үй-бүлөлөр тууралуу маалымат топтоп, айылдык кенештин сессиясына сунуштоо жагы милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагытармактык туруктуу комиссиянын төрайымы Сарбагышова Гүлзатка милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Ф. К. Токушев