КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги II- сессиясы
2024-жылдын 20-марты № 8
Каракол айылдык кеңешинин аймагындагы “Көпүрө-Базар” мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги тарбиялануучулардын тамак ашына ата-эне тарабынан төлөнүүчү төлөмү жөнүндө
Көпүрө-Базар айылындагы “Көпүрө-Базар” МЧББМ синин тарбиялануучуларынын ата-энелери менен өтүлгөн жыйындын протоколу менен таанышып, депутаттардын ой-пикирлерин сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көпүрө-Базар айылындагы “Көпүрө-Базар” балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелеринин жалпы макулдашуусу менен тамак-аштын төлөмү апрель айынан баштап ар бир балага айына 1000(миң) сомго көтөрүлсүн.
2. Социалдык маселелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт жана маданият боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнө айылдагы мектепке чейинки билим берүү ишканасына балдарын орноштуруу мүмкүнчүлүгү жок ата-энелер, ДМЧ балдары бар ата-энелер жана жардамга муктаж аз камсыз үй-бүлөлөр тууралуу маалымат топтоп, айылдык кенештин сессиясына сунуштоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагытармактык туруктуу комиссиянын төрайымы Сарбагышова Гүлзатка милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |