КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги III- сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 11
Каракол айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасынын чектерине макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Талас облусунун Талас районунун Каракол айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Каракол айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Каракол айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кабыл алды;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Каракол айылдык кеңешинин төрагасына жана Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Талас райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |