Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги III- сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели № 13

 

Элдик Жыйындын чечимдерин бекитүү жөнүндө

Элдик Жыйындын чечимин карап жана талкуулап чыгып, Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессия;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2024-жылдын элге, малчыларга, техника айдоочуларга сунушталган тарифтер алымча кошумчасы менен бекитилсин.

 

№

Кызмат көрсөтүүнүн  аталышы

Өлчөм бирдиги

Кызмат көрсөтүүнүн наркы

Керектелүүчү  күйүүчү майдын көлөмү

Жеке менчик техникалардын наркы

1

Жер айдоо

га

1500 сом

25 л

1800

 

тегиздөө

га

800 сом

10 л

800

 

себүү

га

800 сом

10 л

1000

 

чым майдалоого

га

1000 сом

15 л

-

 

германка менен чөп  чабуу

га

1300 сом

10 л

1500

 

косилка

га

1000 сом

10 л

 

 

шалбаа чөп чабуу

га

1500 сом

15 л

2000

 

тырмоо

га

700 сом

10 л

800

 

престөө

га

15 сом жиби ичинде

10 л

15 сом жиби ичинде

 

шалбаа чөп таңдыруу

га

15 сом жиби ичинде

10 л

15 сом  жиби ичинде

 

эгин чабуу

га

1500 сом

25 л

2000

 

Чөп жана эгин ташуу  келишим баада

 

 

 

 

 

Экскватордун кызмат  көрсөтүүсү(жүктөө)

ГАЗ-53/КАМАЗ

500 сом/700сом

Майы  ичинде

-

 

Чоң арык тартуу

метр

3 сом

 

-

 

Шак тартуу

га

300 сом

3 л

-

 

Капалка

10 сотых

500

1 л

-

 

Таза суу киргизүүгө  каздыруу, оро, ажаткананын ордун  казуу

1 пагоно/ метр

100 сом

-

-

 

Эскертүү: Трактордун прицеби айылда жамандык болгондо отун алууга берилет, керектелүүсү 20 литр күйүүчу майды айыл тургуну көтөрөт. Атайын белгиленбеген  жерге уруксатсыз таштанды төккөн айыл тургундарына 10000 (он миң) сом  өлчөмүндө айып пул салынат.

 

Таза суу төлөмдөрү

Түтүнгө/

айына

100 сом

 

 

 

Мончо жаккандарга

айына

500 сом

 

 

 

Таштанды чыгаруу төлөмү

Түтүнгө/

айына

50 сом

 

 

 

Үлүш жерин  сугаргандарга

Мураб акысы

300 сом

 

 

 

Жылкы

1 баш

600 сом

 

 

 

Уй (бодо мал)

1 баш

600 сом

 

 

 

Кой-эчки

1 баш

80/100

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖАЙЫТ салыгы

 

Бодо мал

1 жылга мал башына

90 сом

 

 

 

Кой-эчки

1 жылга мал башына

20 сом

 

 

 

Жакынкы жайытта багылган бодо малга

1 жылга мал башына

90 сом

 

 

Эскертүү: Жакынкы жайлоого көчүү 1-майга чейин, ал эми алыскы жайлоого көчүү  10-июнга чейин. Жайлоодон 25-сентябрдан кийин көчүп келишсин 10-октябрга  чейин малы менен бөксө жайлоолордо болсун. 01.04.2024-ж – 10.10.2024-жылга чейин жакынкы сарайлардын жайыттарына, элдин үлүш жерлерине, аңыздарга  мал жаюууга тыюу салынсын. Жакынкы сарайда калуучулар 2 баш уй, 1 баш  жылкы, 10 баш койдон ашык мал кармалбасын, андан тышкары эрте кочкорлорду бөлүп келип жайгандарга, ашыкча мал кармагандарга тыюу салынсын. Жайыттардын тардыгына байланыштуу сырттан мал алып келип баккандарга Укук бузуулар кодексинин 251-252-беренелеринин негизинде айып пулдар салынат. Камалган малга Укук бузуулар

124-статьянын негизинде айып пул салынат. Жогорудагы эскертүүнү бузгандарга Укук бузуулар кодексинин негизинде административдик айып пул салынат жана келтирилген зыянды жер ээсине 100% төлөп берет.

1. Камакка түшкѳн малга:бир баш бодо малга, жылкыга 500 сом,кой-эчкиге 200 сом өлчөмүндө кароолчуга тѳлѳп беришсин.

2. Малчыга мал кошо турган жарандар (жылкы,уй, кой ээлери), малын дарылатып ветврачтан справка алып, малчыга ѳткѳрүп беришсин.

3. Таза суу киргизүүгө тариф 1000(миң) сом болсун.

4. Топоз бакканга чек коюу, тарифди бөлөк малдардын тарифине караганда жогору коюу, сырттан мал алып келип багууга чектөө киргизүү жана бул маселе боюнча иш алып баруу жагы айылдагы жеке вет. Сервистерге, айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине кеңештин чечими менен протоколдук тапшырма катары аткаруу жагы сунушталсын.

5. Бириктирилген айыл аймактарындагы Үч-Эмчек айылындагы ИСКАКБ “Таза суу”, “Кууганды” муницпалдык ишканасынын, ИСКАКБ “Төш-Машат, “Арал Ынтымагы” муниципалдык ишканасынын, «Каракол СЕРВИС» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү токтотулсун б.а. жоюлсун.

6. Каракол айыл өкмөтүнүн алдында жаңы муниципалдык ишкана уюштурууга макулдук берилсин.    

7. Бириктирилген айыл аймактарындагы Үч-Эмчек айылындагы ИСКАКБ “Таза суу”, “Кууганды” муницпалдык ишканасы, Кууганды жайыт комитетинин, ИСКАКБ “Төш-Машат, “Арал Ынтымагы” муниципалдык ишканасынын, Арал жайыт комитетинин, «Каракол СЕРВИС» муниципалдык ишканасынын карамагында турган кыймылдуу, кыймылсыз мүлктү, материалдык жана материалдык эмес активдерди, пассивдерди, финансылык каражаттарды мыйзамдарда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн менчигине өткөрүп алынсын.

Төрага

 

Ф. К. Токушев