КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги III- сессиясы
2024-жылдын19-апрели № 16
Жер комиссиясынын курамын жана иш регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жүктөлгөн иш милдеттерди жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн алдында айыл чарба жерлерди кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиянын курамын түзүү максатында кесектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагында айыл чарба жерлерди кайра бөлүштүрүү фондун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясы төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн. Алар:
· Мамажанов К.М. – Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы
· Муратова Р.К. – Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары- жооптуу катчы, комиссиянын катчысы;
Мүчөлөрү:
· Токушев Ф.К. – Каракол айылдык Кеңешинин төрагасы,
· Сагындык уулу Бек - Жер, айыл чарбасы жана экология, архитектура, курулуш, транспорт, ишкердик иштер, кызмат көрсөтүү боюнча тармакттык туруктуу комиссиясынын төрагасы;
· Талас райондук а/ч департаментинин өкүлү- макулдашуу менен ,
· Молдокулов Б.С. - Жер, жайыт жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адис;
· Таласбаев Б.А. - Жер маселелери боюнча (жерге жайгаштыруу, турак жайлар жана айыл чарба, жайыт жерлерин эсепке алуу жана иш алып баруу) кызматкер;
· Эсенаманов Т.К. – уюштуруу иштери боюнча жетектөөчү адис;
· Султаналиева А.Т. – киреше боюнча башкы адис;
2. Жер комиссиясынын иш регламенти №243 токтому менен жактырылган АЖМФнын жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун негизинде алып барылсын жана бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |