Редакцияот 27.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышындагы депутаттардын V-сессиясы

 

2024-жылдын 27-майы № 3

 

“Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Күмүштак айыл өкмөтүнүн аппараттык кеңешмесинин 2024-жылдын 24-майындагы №01-10/251 чыгыш сандуу “Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына сунуштамасын карап чыгып талкуулап, Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын V сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күмүштак айыл аймагына көп жылдык мээнет менен эмгектенип, айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, маданий тармагы боюнча өсүшүнө, айыл-чарба багытынын өркүндөшүнө, сапаттуу медициналык жардамдарды көрсөтүүсүнө, элдин жашоо-шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн салымдары үчүн, жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн төмөндөгү жарандар “Күмүштак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:

-       Жакышов Русланбек Шергазиевич;

-       Нарботоев Токтогул ;

-       Молдалиев Нарбек Наматбекович;

-       Алымкулов Турсунбек Алымкулович;

-       Агынаев Аскер;

-       Курманбеков Анатай Анарбекович.

 

2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага

 

Мамыралиев А.