Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Атбашы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз жыйырма экинчи сессиясы

2023-жылдын 11-августу №162

“АРИСтин “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо ККАИД-3 долбоорундагы Ири долбоорлор жөнүндө”

КК АИД-3 түн алкагында жүргузүлгөн долбоордук иш-чаралар жөнүндо жана ири долбоорлор “Манас башталгыч орто мектебинин суу тармагын жана сантехникалык жабдууларды оңдоо” “Төрт-Көл орто мектебинин темир чатырын алмаштыруу” боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын Ж.Э.Мусурманкуловдун жана Атбашы айылдык аймактын АКИА АКнын төрагасынын А.Э.Токошеванын маалыматын карап жана талкуулап, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүңдө” 20 октябрь 2021- жылдын №123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Атбашы айылдык кеңешинин сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. Ири долбоорлор “Манас башталгыч орто мектебинин суу тармагын жана сантехникалык жабдууларды оңдоо” “Төрт-Көл орто мектебинин темир чатырын алмаштыруу” жалпы бюджет 7164882 сом, АРИСтин гранты 6525000 сом, жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо 639882 сом бекитилсин.

2. Ири долбоорлор “Манас башталгыч орто мектебинин суу тармагын жана сантехникалык жабдууларды оңдоо” “Төрт-Көл орто мектебинин чатырын алмаштыруу” 2023-жылдын Атбашы айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана инвестициялык планга киргизилсин;

3. Ири долбоордо көрсөтүлгөн объектилердин техникалык тейлөөгө жана пайдаланууга жергиликтүү бюджеттен чыгымдары бекитилсин;

4. Айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго ири долбоорду жана тиешелүү иш кагаздарды АРИСке өз убагында берүү тапшырма берилсин;

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Атбашы айыл өкмөт башчысына жана АК бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым

Д.Абыканова