АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атбашы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз жыйырма бешинчи сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры №188
Атбашы айыл аймагынын №44 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0.37 га жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которуу жөнүндө
Атбашы айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси К.Бөкөбаевдин Атбашы айыл аймагынын №44 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0.37 га жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, 2023 жылдын 6 декабрынын райондук комиссиясынын корутундусунун негизинде Атбашы айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Атбашы айыл аймагынын №44 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0.37 гектар жерди тигүүчү цех куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Атбашы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго жөнөтүлсүн.
Төрайым | Д.Абыканова |