Редакцияот 31.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы

 

2024-жылдын 31-майы № 19

 

Айыл тургундарынын арыздарын кароо

 

Айыл тургуну Азаматов Меймандын айыл аймагындагы союз мезгилинде курулган универмагдын өндүрүштүк багытын коммерциялыктан өзгөртүп, жеке менчик турак-жай курууга уруксат берүүнү сурап жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл тургуну Азаматов Меймандын арызы канааттандырылсын.

2. Айыл аймагындагы союз мезгилинде курулган универмагдын өндүрүштүк багыты коммерциялыктан өзгөртүлүп, жеке менчик турак-жай курууга арыз ээсине уруксат берилшсин.

3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрага

 

Ф. К. Токушев