Редакцияот 06.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы

 

2024-жылдын 6-июну № 23

 

Дем берүүчү үлүштүк грантка өздүк салым катары акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин имаратынын тегерегин курчоого дем берүүчү үлүштүк грантка өздүк салым катары акча каражатын бөлүү максатында;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылдагы өткөрүлгөн тендерден үнөмдөлгөн акча каражаты эсебинен 83,0 (сексен үч миң) сом акча каражаты К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин имаратынын тегерегин курчоого дем берүүчү үлүштүк грантка өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрага

 

Ф. К. Токушев