Редакцияот 06.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы

 

2024-жылдын 6-июну № 30

 

Каракол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө

 

Каракол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.

 

2. Жобонун негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “муниципалдык жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүү , муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү, пайдаланууга ижарага берүү боюнча комиссияга” милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрага

 

Ф. К. Токушев

 

 

Тиркеме

 

 

 

 

 

Каракол айыл аймагынын айылдык

кеңешинин 2024-жылдын 6-

июнундагы № 30 токтомуна

 

 

 

 

 

Каракол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө

ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

1.  Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыгып, муниципалдык менчиктеги объекттерди кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.

2.  Каракол айыл өкмөтү ушул Жобонун 8-главасын жана 11-пункттун кошпогондо, ушул Жобонун жана өз ыйгарым укуктарынын талаптарына ылайык муниципалдык мүлктү пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча иш-аракеттерди өз алдынча жүзөгө ашырат.

2-глава. Ушул Жободо колдонулган түшүнүктөр

3.  Ушул Жободо пайдаланылган түшүнүктөр:

ижара– ижарага берүүчү тарабынан муниципалдык менчиктеги объектти пайдалануу укугу менен ижарага алуучуга белгиленген акы алуу менен белгилүү бир мөөнөткө берүү;

ижарачы – ушул Жободо белгиленген тартипте муниципалдык менчиктеги объектке убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу укугу берилген жеке же юридикалык жак;

ижарага берүүчү – муниципалдык мүлктү ижарага берүүгө тиешелүү ыйгарым укуктар аларга берилген учурда жергиликтүү өз

алдынча башкаруунун аткаруу органы, ошондой эле муниципалдык мекеме, муниципалдык ишкана;

аукцион– тооруктун түрү, мында эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат;

аукционду алып баруучу – тоорукту аукцион формасында жүргүзгөн жана аукционду өткөрүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөгөн жак;

арыз ээси – муниципалдык менчиктеги объектти ижарага берүү боюнча тоорукка катышуу үчүн өтүнмө берген жеке же юридикалык жак;

конкурс – тооруктун түрү, мында тооруктун предметине карата ижарага берүүчү белгилеген шарттарды мыкты аткарууну сунуш кылган адам жеңүүчү деп табылат;

муниципалдык менчиктеги объект – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менчик укугуна ээ болгон кыймылдуу же кыймылсыз мүлк;

оперативдүү башкаруу – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан муниципалдык мекемеге анын уюштуруучусу койгон тапшырмаларды аткаруу үчүн бекитилген мүлктү пайдалануу укугунун формасы;