Редакцияот 18.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 12 сессиясы

 

2024-жылдын 18-июну №12/1

“Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна

Саячык  көмүр кенинен көмүр казууга  уруксат берүү жөнүндө

   Кыргыз Республикасынын  өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин “Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна  берилген 6214 СЕ лицензиясына ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                          2017-жылдын 15-декабрындагы №810 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө ЖОБОго ылайык  жана Кыргыз Республикасынын                     “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын негизинде   Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:

1.    Саячык көмүр кенинен 35,07га жер аянтын “Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна көмүр кенин казууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксат берилсин.

2.    “Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын негизинде казуу иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.

3.    Ак-Чий айылдык кеңешинин 28-декабрь 2019-жылдагы XVIII/2 “Ак-Чий айыл аймагынын Саячык участкасынан “Ак-Чий Болот-Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомуна көмүр казууга уруксат берүү жөнүндөгү” токтом жокко чыгарылсын.

4.    Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.

5.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

Айылдык кеңештин төрагасы

Б. Кемелов