Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 15-майы № 04-13/150
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаментинин алдындагы “Кыргыз балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу (мындан ары – Министрлик) Балык өнөр жай комплекси департаментинин алдындагы “Кыргыз балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын Уставы ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Министрликтин репутацияны башкаруу бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Министрликтин чечимдерин ишке ашыруу башкармалыгы:
– буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн бул буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Министрликке караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти ушул буйруктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо мал чарба тармагын тейлеген министрдин орун басарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр |
| Б.Э. Торобаев |
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ________№________буйругуна
|
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстар, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Балык өнөр жай комплекси департаментинин алдындагы
“Кыргыз балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын
Уставы
1- глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаментинин алдындагы “Кыргыз балык чарбасы” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана) мамлекеттик мүлк менен чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчилилигине алат, Кыргыз Республикасы тарапта болуп саналат, ошондой эле ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик), Министрликтин алдындагы Балык чарба комплекси департаментинин актылары жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти (мындан ары – Департамент) саналат.
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы болот:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментин алдындагы “Кыргыз балык чарбасы” мамлекеттик ишканасы”;
– расмий тилде: «Государственное предприятие «Кыргызрыбхоз» при Департаменте рыбопромышленного комплекса при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики».
Кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз балык чарбасы” МИ;
– расмий тилде: ГП “Кыргызрыбхоз”.
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү түзүүгө, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары болот.
9. Ишкана Ишкананын милдеттенмелери боюнча кепилдикти (кепилдикти) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды түзүү жана жоюу Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкана тарабынан ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ишкананын пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды түзүү жана жоюу Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкана тарабынан ишке ашырылат.
12. Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары ал бекиткен жоболордун негизинде иштешет.
Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толугу менен жооп берет.
Ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
13. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 96 “А”.
2- глава. Ишкананын максаты, милдеттери
жана функциялары
14. Ишкананын максаты Ишкананын балансында турган көлмөлөрдө, бассейндерде, садоктордо балык өстүрүүчү материалдарды, товардык балыктарды, өндүрүүчүлөрдү жана балыктардын эне үйүрүн өстүрүү болуп саналат. Мамлекеттик балык чарба көлмөлөрүн жасалма көбөйтүү жана балык уулоо боюнча иштерди уюштуруу.
15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
16. мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын балыктын урук материалдарын, товардык балыкты жана балык продукциясын өндүрүүгө, балык чарба ишине байланыштуу жумуштарга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарын канааттандыруу, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугуна салым кошуу;
17. аквакультура объекттерин кармоонун, тоюттандыруунун, өстүрүүнүн инновациялык көрсөтмө технологиясын түзүү;
18. ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
19. Ишкананын негизги функциялары:
1) балык чарбасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана келечегин аныктоого катышуу, калктын балык продукциясына болгон суроо-талабын канааттандыруу;
2) Ишкананын балансында турган пайдаланууга берилген көлмөлөрдө же алардын участокторун балык өстүрүүчү материалдар менен камсыздоо, селекциялык-асыл тукум иштерин жүргүзүү, чабактарды жана товардык балыктарды өстүрүү, балык өстүрүүчү материалдарды жана товардык балыктарды өстүрүү боюнча пландарды иштеп чыгуу;
3) балыктын лосось, ак балык, карп жана башка түрлөрүнүн уруктанган икрасын инкубациялоону ишке ашыруу, балыктын урук материалын жана товардык балыкты өстүрүү, балыктын эне-балыгын жана асыл тукум санын кармоо;
4) селекция иштерин жүргүзүү;
5) балыкты кайра иштетүү жана балык продукциясын ассортиментин чыгаруу;
6) уруктандырылып, тирүү өсүп жаткан икраны, балыктын урук материалын, товардык балыкты, балык продукциясын сатуу;
7) уруктандырылып, тирүү өнүгүп жаткан икраны, тамак-аш икрасын, товардык балыкты, балык продукциясынын ассортиментин, балык тоюттарын, балык тоюттарын өндүрүүгө тоют кошулмаларын импорттоону жана экспорттоону жүзөгө ашыруу, балыктардын гипофизи;
8) уруктандырылган икраны салуу жана инкубациялоо, чабактарды өстүрүү, чабактарды мамлекеттик балык чарба көлмөлөрүнө чыгаруу боюнча тапшырманын жылдык план-божомолун аткаруу;
9) Ишкананын балансында турган көлмөлөрдү жана пайдаланууга берилген көлмөлөрдү же алардын участокторун балык өстүрүүчү материалдар менен толтуруу;
10) балык чарбасы, балык уулоо, көбөйтүү жана боюнча балык өстүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу;
11) Ишкананын балансында турган асылдуулугу төмөн көлмөлөрдө жана бекитип берилген сууларда же алардын участокторунда карп-күрүч жана карп-өрдөк биргелешкен өндүрүштөрүн жүргүзүү;
12) бекитип берилген көлмөлөрдө, сууларда же алардын участокторунда балык запастарын коргоо боюнча иш-чараларды уюштуруу;
13) Ишкананын балансында турган көлмөлөрдүн жана суулардын ветеринардык-санитардык абалына шайкештикти ишке ашыруу;
14) атайын эсептен, республикалык бюджеттен жана башка булактардан мамлекеттик балык чарба көлмөлөрүн балык менен камсыз кылуу;
15) Ишкананын балансында турган көлмөлөрдө, бекитип берилген сууларда же алардын участокторунда товардык балыкты өстүрүү боюнча пландарды иштеп чыгуу жана аткаруу, көлмөлөрдүн дамбаларын жана жээктерин бекемдөө боюнча иштерди жүргүзүү;
16) балык запастарын көбөйтүү, балык суу-мелиоративдик иштер, товардык балыкты өстүрүү боюнча пландарды аткаруу, ошондой эле көлмөлөрдү, сууларды жана алардын участокторун жаш балыктадыруу графигин түзүү;
17) балык өстүрүү-биологиялык жана ветеринардык-санитардык ченемдерди жана талаптарды сактоо менен уруктанган балык икрасын инкубациялоону, чабактарды өстүрүүнү ишке ашыруу;
18) Ишкананын балансында турган көлмөлөрдө, сууларда жана алардын участокторунда балык ооруларын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү;
19) Ишкананын балансында турган көлмөлөрдө, сууларда жана алардын участокторунда балык ооруларын алдын алуу максатында ветеринардык-санитардык кызматтар менен биргеликте балык өстүрүү-биологиялык жана ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзүү;
20) балык чарбасын өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаларды жана долбоорлорду тартуу максатында донорлор менен кызматташуу;
21) балык үчүн тоюттарды өндүрүү, товардык балыкты өстүрүү жана кармоо жана аларды кайра иштетүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
22) мамлекеттик балык чарба көлмөлөрүндө же алардын участокторунда өнөр жайлык балык кармоону жүргүзүү;
23) ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу жана өнүктүрүү;
24) икраны инкубациялоо, жаш балыктарды өстүрүү;
25) товардык балыкты өстүрүү;
26) лосось, ак балык, карп жана башка балык түрлөрүнүн энелик балык, асыл тукум үйүрлөрүн балы багуу;
27) балык чарба чөйрөсүндө жеке жана юридикалык жактарга иш жана кызмат көрсөтүү, спорттук-ышкыбоздук, өнөр жайлык балык уулоону жана балык туризмин уюштуруу жана жүргүзүү;
28) ишканага кошумча киреше алып келүүчү балыктын урук материалын, товардык балыкты жана балык продукциясын ассортиментин, башка айыл чарба продукциясын сатууга.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
20. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияны сатып өткөрүүдөн киреше алууга;
2) өндүрүштүк-финансылык пландарды түзүү жана эсепке алууга;
3) эмгекти уюштурууга жана кирешелерди максаттуу бөлүштүрүүгө;
4) рыноктук конъюнктурага жараша балыктын урук материалынын, товардык жана асыл тукум балыктын, товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
5) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте балык үчүн зарыл болгон тоюттарды, сүзүү каражаттарын, тармактык материалдарды, балык өстүрүүчү материалды, энелик балыкты жана асыл тукум балыкты, балык өстүрүүчү жабдууларды, башка товарларды жана жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
6) кеңеш берүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
7) өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
8) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
9) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
10) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада иштерди аткаруу үчүн жеке жактарды мыйзамдарда белгиленген тартипте тартууга;
11) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле зарыл болгон учурда эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө, тренингдерге катышуу үчүн жиберүүгө;
12) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташууну ишке ашырууга;
13) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон Ишкананын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн түзүүгө;
14) өзүнө чарбалык башкаруу укугунда таандык болгон көлмөлөрдү, сууларды, балык өстүрүүчү жабдууларды, транспорт каражаттарын, шаймандарды жана башка материалдык баалуулуктарды менчик ээсинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
15) белгиленген максаттарга жана милдеттерге ылайык Ишкананын ишин камсыз кылуу үчүн башка укуктарды ишке ашырууга.
21. Ишкана өз максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана иш аткарып жана кызмат көрсөтүп жаткан мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди Ишкананын өздүк каражатынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;