КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы
2024-жылдын 6-июну № 32
Каракол айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Жобосун бекитүү жөнүндө
Каракол айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Жобосун карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Жобосу бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн коомдук профилактикалык борборуна бекитилген Жобонун негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт жана маданият боюнча тармактык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .
Төрага |
| Ф. К. Токушев |
|
| Каракол айылдык Кенешинин 2024-жылдын 6-июнундагы VIII-чакырылышынын V - сессиясынын № 32 токтомунун менен бекитилген.________ Ф.Токушев |
Каракол айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун уставы (КААБ)
1. Жалпы жоболор
1. Коомдук алдын алуу борбору мындан ары (КААБ)-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖОБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым калктуу конуштардын тиешелуу аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргузүүгү ЖӨӨБ менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү администратавдик аймакта түзулүүчү комерциялык уюм эмес.
2. Уюмдун толук аталышы:
– Каракол айыл өкмөтүнүн «коомдук алдын алуу борбору» коомдук бирикме.
- расмий тилде Обшественное обьеденение «Общественно-профилактический центр»(ОПЦ) Караколского айыл окмоту.
Уюмдун кыскартылган аталышы:
- Каракол айыл өкмөтүнун «КААБ »КБ . «ОПЦ» ОО
3. Коомдук алдын алуу борбору өз ишин «Кыргыз Республиксынын Мыйзамына, Кыргыз республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө жана чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына жана ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ушул уставка ылайык ишке ашырат.
4. КААБ юридикалык өз алдынча мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөрү менен штампы бар жак болуп саналат.
5. КААБ нун иши ыктыярдуулук, мыйзамдуулук, инсанды урматтоо. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.
6. КААБнун юридикалык дареги: Каракол айыл өкмөтү, Чыныке Бий көчөсү №1
7. КААБнын туруктуу иш алып баруучу органынын Кенешишин юридикалык дареги: Каракол айыл өкмөтү , Чыныке Бий көчөсү № 1.