Редакцияот 29.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

 

2023-жылдын 29-майындагы №88

 

Исхак-Полотхан айыл аймагы боюнча турак-жай куруу үчүн жеке жактардын менчигине берилүүчү жер участокторунун чектик өлчөмдөрүн аныктоо жөнүндө

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясына сунушталган Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине ылайык Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Исхак-Полотхан айыл аймагы боюнча турак-жай куруу үчүн жеке жактардын менчигине берилүүчү жер участокторунун чектик өлчөмү 0,10 га деп аныкталсын.

 

2. Токтомду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарууга алуу жагы Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө (Ж.Дыкановго) милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

4. 5.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы О.Шакировго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Кожонов З.Ы.