ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
2023-жылдын 29-майындагы №87
Исхак-Полотхан айылаймагында жерлердин бир түрүнөн башка категорияга которуу жөнүндө
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясына сунушталган Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап чыгып Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Исхак-Полотхан айыл аймагынын жашоочулары: М.Бегалиевдин, А.Абдибайитовдун. Ш.Эркебаевдин, А.Жалаловдун, Якубжан уулу Розимухаммаддин, Али уулу Адилеттин, Э. Жаныбаевдин, Т.Матмусаевдин арыздары эске алынсын.
2. Азык түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эт жана жумуртка багытында тоок фермаларын уюштуруу үчүн айыл-чарбасына жараксыз таштак жайыттардан 5,0 га жер аянтынын багытын өзгөртүү жагы Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө (Ж.Дыкановго) сунушталсын.
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарууга алуу жагы Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Дыкановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы О.Шакировго милдеттендирилсин.
Төрага |
| Кожонов З.Ы. |