ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
5 сессия 28 чакырым
2022-жылдын 4-февралы № 01-5/10
"2022-жылга бюджетти бекитүү жөнүндө"
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 5-сессиясынын 2022-жылга бюджетин бекитүү боюнча ФЭО айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылга бюджеттин киреше бөлүгү 10337,8 миң сом, анын ичинде атайын каражаттар 80,0 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2022-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү 10337,8 миң сом, анын ичинде атайын каражаттар 80,0 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2023-жылга бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолу 10449,8 миң сом, анын ичинде атайын каражаттар 80,0 миң сом жана 2024-жылга 10531,8 миң сом, анын ичинде атайын каражаттар 80,0 миң сом суммасында 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын, айылдык кенештин катчысынын жана китепкананын штаттык саны бекитилсин.
5. Өндүрүштүк зарылчылык келип чыкканда айыл өкмөтүнүн башчысына бюджеттин бөлүмдөрүнүн, статьяларынын жана элементтеринин чегинде кварталдан кварталга өтүү укугу берилсин.
6. Кассадагы накталай акчалардын жүгүртүүсү 40,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүү жана туура жана максаттуу чыгымдоо.
8. Республикалык бюджеттен алынган бардык каражаттар жана максаттуу трансферттер берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн өз багыты боюнча пайдаланылсын: 70111 «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр» бөлүмүндө, 2111-статьяда «Эмгек акы» боюнча каржылык камсыздоого экономикалык статистика боюнча адис жиберилсин, 2121-статья «Социалдык .фондго толомдор», 2211-статья «Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр», 2222-статья «Учурдагы чарбалык максаттар үчүн материалдарды сатып алуу».
9. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Айылдык кенештин төрагасы |
|
А. Исмаилов |