Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 320 токтому менен бекитилди) |
Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана
саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө
тарифтерди аныктоо
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 233, 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608, 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 220 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартиби (мындан ары - Тартип) суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканалары (уюмдары) тарабынан көрсөтүлүүчү борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди түзүү боюнча бирдиктүү методикалык көрсөтмө болуп саналат.
Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканалары (уюмдары) табигый монополиянын субъекттери болуп саналат жана мамлекеттик жөнгө салынууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Тартиптин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди негизсиз белгилөөгө жана жогорулатууга жол бербөө;
2) керектөөчүлөрдү ичүүчү сууну этияттык менен пайдаланууга жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды колдонууга дем берүү;
3) борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу.
2-глава. Негизги түшүнүктөр
3. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) суу менен камсыздоо - Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" Мыйзамынын талаптарына ылайык ичүүчү сууну алуу, жугушсуздандыруу, ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча иш-чаралардын жыйындысы;
2) саркынды сууларды чыгаруу - үй чарбаларынын, уюмдардын жана ишканаларынын аймагынан агынды сууларды калктуу конуштар үчүн коопсуз ыкма менен чыгарууну камсыз кылуучу жана аны айлана-чөйрөгө кайтарууда суунун сапатынын стандарттарына жооп берген агынды сууларды кабыл алуу, ташуу жана тазалоо боюнча иш-чаралардын жыйындысы;
3) суу түтүк-канализация чарбасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн өздүк наркы - ишкананын (уюмдун) керектөөчүлөрдү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну камсыз кылуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана/же көрсөтүү үчүн зарыл болгон акчалай формадагы чыгымдарынын (пландалган жана/же иш жүзүндөгү) жыйындысы;
4) калькуляция - борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдигинин наркын эсептөө;
5) тикелей чыгымдар - борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү процесси менен түздөн-түз байланышкан чыгымдар, аларды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн өздүк наркына түздөн-түз киргизүүгө болот;
6) кыйыр чыгымдар - борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүнүн өздүк наркына түздөн-түз киргизүүгө мүмкүн болбогон жана ишкананын (уюмдун) өндүрүштүк процесстерин жана бүтүндөй ишин камсыз кылган чыгымдар (мисалы, көмөкчү жана административдик-башкаруу персоналынын эмгек акысын төлөөгө чыгымдар жана социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр, электр энергиясына, жабдуулардын амортизациясына, ижара акысына чыгымдар, транспорттук чыгымдар, жалпы чарбалык чыгымдар ж.б.).
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 220 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыйыр чыгымдар төмөндө саналган критерийлердин бири боюнча бөлүштүрүлүшү (пропорциялуу) мүмкүн:
- тикелей материалдык чыгымдар (тикелей чыгымдардын суммасы);
- эмгек түйшүгү;
- кирешелердин үлүшүнө пропорциялуу;
- алынган шарттуу коэффициент.
5. Кыйыр чыгымдарды бөлүштүрүү методикасы ишкана (уюм) тарабынан өз алдынча аныкталат жана бааларды (тарифтерди) түзүүдө да, иш жүзүндө пайда болгон кыйыр чыгымдарды аныктоодо да колдонулат.
6. Бул Тартипте колдонулуучу башка түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын табигый монополиялар жана суу менен камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык колдонулат.
3-глава. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо
жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн
тарифтерди аныктоонун негизги принциптери
7. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтер экономикалык негизделген өздүк нарктан (пландалган жана/же иш жүзүндөгү) жана керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын зарыл болгон деңгээлин колдоо жана эл аралык финансылык институттардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча карыздык милдеттенмелерди аткаруу үчүн, негизги фонддорду модернизациялоого, реконструкциялоого жана реабилитациялоого өздүк каражаттарды инвестициялоо үчүн резервди түзүү, суу менен камсыздоочу ишканалардын (уюмдардын) жамаатына жамааттык келишимге ылайык, бирок Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык мурдагы календардык жыл үчүн инфляциянын иш жүзүндөгү деңгээлинен төмөн эмес материалдык-социалдык жеңилдиктерди берүү үчүн жетиштүү кирешенин белгилүү өлчөмүнөн аныкталат.
Суунун өздүк наркын эсептөө алынган сууга кеткен чыгымдарды, жугушсуздандыруу боюнча чыгымдарды, ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча чыгымдарды белгилүү бир мезгилде (ай, квартал, жыл) сатылган суунун көлөмүнө бөлүү, ошондой эле агынды сууларды ташууга, кабыл алууга жана жугушсуздандырууга кеткен чыгымдарды белгилүү бир мезгилде (ай, квартал, жыл) абоненттерден тазалоого кабыл алынган агынды суулардын көлөмүнө бөлүү жолу менен жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608, 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 220 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү менен макулдашылган тарифти төмөнкү 3 категорияга дифференциациялоого укуктуу:
1-категория – жеке жактар (калк), жеке ишкерлерден тышкары;
2-категория – бюджеттик уюмдар;
3-категория – менчигинин түрүнө жана баланстык таандыктыгына карабастан башка керектөөчүлөр.
Же төмөнкү эки категорияга:
1-категория – жеке жактар (калк), жеке ишкерлерден тышкары;
2-категория – менчигинин түрүнө жана баланстык таандыктыгына карабастан башка керектөөчүлөр.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Тарифтердин наркын эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
P = Z1 / V + (In * (Z1 / V) / 100),
мында:
P – бир куб. метр (м³) үчүн суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тариф;
Z1 – ушул Тартиптин 20-пунктуна ылайык чыгымдар;
V – бардык керектөөчүлөр тарабынан суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөнүн пландалган көлөмү куб метр (м³) менен (болжолдонгон кошууларды эске алуу менен мурдагы мезгилдин иш жүзүндөгү көлөмдөрүнүн негизинде же керектөөнүн жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген ченемине ылайык);
In – ушул Тартиптин 7-пунктунда каралган чыгымдарды жабууну камсыз кылуучу пайданын ченеми.
Тарифти эсептөө жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрү боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
Өзүнчө эсепке алуу бухгалтердик эсептин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы төмөнкүлөрдү белгилөөгө укуктуу:
1) 1-категориядагы керектөөчүлөр үчүн жеңилдетилген тариф менен эсептик тарифтин ортосундагы айырманын орду толукталган шартта жергиликтүү бюджеттин эсебинен жеңилдетилген тарифтерди;
2) ишкердик ишти жүргүзүү үчүн борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн ири көлөмдө пайдаланган менчигинин формасына жана баланстык таандыктыгына карабастан башка керектөөчүлөр үчүн белгиленген тарифке карата жогорулатылган коэффициентти.
Тарифке карата жогорулатылган коэффициент колдонулуучу мындай керектөөчүлөрдүн тизмеги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан аныкталат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими боюнча жогорулатылган коэффициент борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө же болбосо ушул кызмат көрсөтүүлөрдүн бирине карата колдонулушу мүмкүн.
Коэффициенттин диапазону 1.0дөн (негизсиз) жана 3.0гө чейинки (максималдуу уруксат берилген жогорулатуу) чекте аныкталат.
Жогорулатылган коэффициент колдонулган учурда ичүүчү суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акыны эсептөө керектелген кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн тарифке (1 м³ үчүн) жана жогорулатылган коэффициенттин өлчөмүнө көбөйтүү аркылуу жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 233, 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтер монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен макулдашылат жана ушул Тартипке ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан бекитилет.
4-глава. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо
жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн
тарифтерди макулдашуу жана бекитүү тартиби
12. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди макулдашуу үчүн суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканалары (уюмдары) тарабынан монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө төмөнкү материалдар берилет:
1) коштомо кат (эркин формада);
2) тарифтердин прейскурантынын долбоору 2 нускада кагаз жүзүндө, аларга жетекчи жана башкы бухгалтер кол коюуга жана ишкананын (уюмдун) мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө, ошондой эле электрондук форматта берилүүгө тийиш;
3) ишкананын (уюмдун) негизги техникалык-экономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрү;
4) бардык тиркемелери менен баланстык отчет;
5) учурдагы тарифтерди суммалык жана сандык түрдө колдонууну талдоо;
6) беренелердин чечмелениши менен чыгымдардын калькуляциясы;
7) беренелердин чечмелениши менен калькуляциялардын көрсөткүчтөрүнүн салыштырма таблицасы;
8) коштомо чыгымдардын чечмелениши (коштомо чыгамдардын негиздемеси);
9) баалардын (тарифтердин) деңгээли өзгөргөндө себептердин негиздемеси;
10) пайданын (рентабелдүүлүк) кабыл алынган көлөмүнүн негиздемеси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 220 токтомунун редакциясына ылайык)
121. Ушул Тартиптин 12-пунктуна ылайык эсептик материалдарды карап чыккандан кийин борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканалары (уюмдары) мамлекеттик органдардын, керектөөчүлөрдүн жана алардын коомдук бирикмелеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди жана суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу субъекттерин чакыруу менен табигый монополиянын субъектинин жөнгө салынуучу товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) баалардын (тарифтердин) же алардын чектик деңгээлдеринин долбоорун коомдук талкуулоо жол-жобосун өткөрөт.
Талкуулоо өткөрүүнүн принциптери:
1) ачык-айкындуулук;
2) керектөөчүлөрдүн жана суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу субъекттеринин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун сактоо.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы коомдук талкуулоону өткөргөнгө чейин акыркы керектөөчүлөр үчүн суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) баалардын (тарифтердин) же анын чектик деңгээлинин күтүлүүчү өзгөрүүлөрү жөнүндө маалыматты өзүнүн интернет-ресурсуна жайгаштырат.
Коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтар суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу субъекти менен макулдашуусуз коомдук угууларда жарыяланууга тийиш эмес.