Редакцияот 25.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

2022-жылдын 25-ноябры № 01-5/29

 

Заря айылынан келип окуган окуучуларга жардам берүү жөнүндө

Депутат Н.Алмахмадовдун Заря айылынан Жаңыпахта орто мектебине келип окуган окуучулардын мектептен кеч кайтып жаткадыгы тууралуу маселесин карап жана талкуулап Жаңы-Пахта айылдык кенештин депутаттары төмөндөгүдөй

Токтом кылат:

1. Жаңыпахта орто мектебинине Заря айылынан келип окуган окуучулардын кыш мезгилдеринде өз убагында мектепке келип-кетишин камсыздоо үчүн, балдарды ташууга 36000 сом бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кенештин

          төрагасы

 

 

Камчыбеков Н.