Редакцияот 21.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезектүү

1-сессиясы

 

2024-жылдын 21-февралы № 2

 

“Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңеши"

мекемесин түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып; 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргызстан жана Май айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңеши болуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: "Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемеси;

- Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Кыргызстанского айылного аймака"

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: "Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңеши" м-и.

- Расмий тилде: У-е "Айылный кенеш Кыргызстанского айылного аймака"

 

2. Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.

3. Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Манас району, Талас айылы, Чынгыз Айтматов көчөсү №4 болуп аныкталсын.

4. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Буйрукта көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

 

Төрага

 

К. Оморов