АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫ АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алля Анаров айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
2022-жылдын 12-январы № 4
Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Чарбак участкасындагы №309 контурундагы аянты 2.5 га жер тилкесин, айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак жай куруу үчүн жер тилкесин ажыратуу жөнүндө
Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Чарбак участкасындагы №309 контурундагы аянты 2.5 га жер тилкесин, айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак жай куруу үчүн жер тилкесин ажыратуу жөнүндөгү сунуш-пикирлерин эске алып, Алля Анаров айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү 6-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Чарбак участкасындагы №309 контурундагы аянты 2.5 га жер тилкеси, айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык шаарча куруу үчүн жер тилкеси ажыратылсын.
2. Социалдык шаарчаны курууга тийиштүү болгон документтерди өз убагында так жана сапаттуу даярдоо жагы, айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси С.Жусупов жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Октамовго жүктөлсүн.
Алля Анаров айылдык кеңешинин төрагасы: |
Р.Худайбердиев. |