Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Д.Садырбаев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги III сессиясынын

 

2024-жылынын 05- апрели №2

 

“Д.Садырбаев айылдык кеңештин убактылуу жобосу бекитүү жөнундө”

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде админстративтик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Д.Садырбаев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги III сессиясы токтом кылат:

 

  1. Д.Садырбаев айылдык кеңештин убактылуу жобосу бекитилсин. (жобо тиркелет).

 

  1. Убактылуу жобо менен айылдык кеңештин иши жөнгө салынсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы:

М.Култаев