Редакцияот 12.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫ АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алля Анаров айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2022-жылдын 12-январы № 16

Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу мазарлардын аянттарын тактоо айланасын тосуу жана элден түшкөн арыз даттаануларды кароо жөнүндө

Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу мазарлардын аянттарын тактоо айланасын тосуу жана элден түшкөн арыз даттаануларды кароо жөнүндөгү арыздары менен таанышып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Алля Анаров айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү 6 -сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу мазарлардын аянттары такталсын жана айланасы песко блок менен тосулсун.

2. Айыл өкмөтүнө караштуу мазарлардын жерлери эч кимге ижарага, жашылдандырууга бак кылууга же болбосо сатыкка берилбесин.

 

3. Мазарларга женил жана оор типтеги курулуштар курулбасын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

Алля Анаров айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Р.Худайбердиев.