Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезектеги 27-сессиясынын (7-чакырылыштагы) жыйыны

2024-жылдын 30-январы № 27/1

Алайку айыл өкмөтү мекемеси менен Кызыл-Жар айыл өкмөтү мекемесин кошуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгеелинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргузүү жөнүндө” Жарлыгын,Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92- беренесин, Кыргыз Республикасынын ;Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкулчүлүктөрдү)мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кызыл-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Жар айыл өкмөтү мекемеси жана Алайку айыл өкмөтү мекемесин бириктирүү жолу менен Алайку айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп кайра тузүлүүгө уруксат берилсин.

2.Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбеке жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырамын.

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Д.Зарипбеков